🔷2023-жылдын 27-мартында «Манас» эл аралык аэропортунда Сиань-Бишкек-Сиань багыты боюнча жаңы үзгүлтүксүз каттамды салтанаттуу түрдө тосуп алышты.  Салт боюнча учакты суу аркасы менен тосуп алышты. Бул тууралуу аталган абамайдандан билдиришти.

Учуулар Loong Air  кытай авиакомпаниясынын 320 учагы аркылуу жумасына 2 жолу - дүйшөмбү жана жума күндөрү ишке ашырылат.

Учуу убактысы болжол менен 4 саат 30 мүнөт.