- Президент чет мамлекетке иш сапар менен барган сайын "кымбат учак менен учуп, чоң чыгым болуп жатабыз. катардагы эле рейс менен учса эмне болмок эле" дешет. Бул боюнча кандай пикирдесиз?

-Б из, кыргыздар, өтө эле майдаланып, өзүмчүл, керооз, анан кекчил болуп баратабыз! Аттиң гана дейсиң, да! Башыбызды бириктирип, уруучулук менен жердешчиликтен кутулуп, качан бирдиктүү эл болобуз? Качан монолит кылып кармай турган улуттук идеологияга ээ болобуз? Мындай ойлор сиз берген суроого абдан төп келишип турат го?

Өлкө башчысы - элдик бийликтин символу, анын визиттик баракчасы. Президент кандай акылдуу, патриот жана мекенчил болсо, башка элдер ошого карата элибизди баалайт. Ошондуктан учак болобу, автомобиль болобу - бул биздин бүгүнкү күндөгү абалыбыздын күзгүсү! Мен түшүнбөйм, эмне үчүн Министрлер Кабинети курулай кыйкырыктырын токтотуп ушуга окшогон, өлкөнүн имиджине доо кетире турган маселелерди биротоло чечип койбойт? Таң калам!