"Чакан ГЭС" ААКнын акционерлеринин кезексиз жыйынында алар Орто-Токой суу сактагычында кичи ГЭС куруу боюнча Кытайдан келген China National Heavy Machinery Corporation менен келишим түзүүнү жактырышты. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды.

Буга чейин"Чакан ГЭС" ААКнын башкы директору Нурлан Садыков менен Кытайдын улуттук оор машина куруу корпорациясынын вице-президенти Чжэн Хансонгдун алдында "Орто-Токой" кичи ГЭСин куруу боюнча келишимге кол коюлган.

Аталган жыйындан кийин Ысык-Көл облусундагы Орто-Токой суу сактагычында кичи ГЭСтин курулушунун баасы 35,9 миллион долларга жетери белгилүү болду.