Шоу бизнес, маданият өкүлдөрү президенттин "Жашыл шаар" акциясына катышты

Шоу бизнес өкүлдөрү "Жашыл шаар" акциясына катышып, ишембилик өткөрүштү. Бул иш чара ырчы Айбек Карымов тарабынан демилгеленгени айтылды. 

Алар Бишкектеги "Ынтымак" сейил багында ишембилик өткөрүп, дарактардын түбүнө биогумус салышты.

Айбек Карымов демилгесин колдоп берген кесиптештерине ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле бул күндү "чыныгы эмгек майрамы" деп атады.