Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу К.Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер көчтү активдешип, бир турак үйдү басып калды. Бул тууралуу ӨКМ билдирди. 

Анда айтылгандай, 26-мартта эртең мененки саат 07:00гө карата жер көчкү акырындык менен жылып, айылдын четиндеги турак үйдү, очоккананы басып, мал сарайга 10 метр аралык калган.

Буга чейин, 22-мартта таңга маал жер көчкү түшүп, Кызыл-Күңгөй тилкесиндеги 18 үй-бүлө коопсуз аймакка көчүрүлгөн.

Мындан улам көчүрүлгөн калктын убактылуу баш калкалоосу үчүн ӨКМдин Өзгөн райондук бөлүмү тарабынан 18 чатыр ошол эле аймактын коопсуз тилкесине орнотулган. Азыркы учурда толугу менен шарт түзүү максатында электр жабдууларын орнотуу иши аяктап, таза суу менен камсыздалды.

Ага катар эле “Улуттук Кызыл-Ай ” коому тарабынан 2 даана чатыр орнотулуп, анда штаб жана медпункт жайгашкан. Азыркы учурда убактылуу жашап жаткан 81 жаранга төшөнчү, гигиеналык каражаттар жана тиричилик буюмдары берилди.