Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-мартта, Кыргыз Республикасынын абадан коргонуу бөлүктөрүнө пландан тышкары барып, алардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Ал  мамлекет башчысы аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын карап чыкканын белгиледи. Жыйынтыгында, 1961-жылдан бери бул жердеги имараттар менен курулуштар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтпөгөнү белгилүү болгон.

Садыр Жапаров казармаларды жана офицерлер үй-бүлөсү менен жашаган турак жайларды куруу жана капиталдык реконструкциялоо иштерин үч айдын ичинде бүткөрүү тапшырмасын берди.

Ошондой эле аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн башка шарттарын да жакшыртуу тапшырылды.