Жогорку Кеңештин бир катар депутаттарынын Ноокен районунун эли менен жолугушуусунда жергиликтүүлөр тарабынан микрокредиттик банктарга байланышкан маселе көтөрүлдү. Тургундар Кыргызстанда банктардын өтө көп экенин белгилешип, алардын каржы жааты мамлекет тарабынан көзөмөлгө алынышы керектигин айтышты. 

Депутат Шаирбек Ташиев банктардан кредит алып, убагында төлөй албай, үйүнөн жана башка кыймылсыз, кыймылдуу мүлктөрүнөн ажыраган жарандар бардыгын, ошондуктан бул маселе көңүл сыртында калбашы керектигин белгиледи. 

"Кредиттердин көбү микрокредиттик компаниялар тарабынан берилет экен. Мен бул боюнча маселе көтөрүп чыккам. "Финка", "Мөлмөл" ж.б. компаниялар. Алардын пайызы өтө чоң. Аны менен катар ломбарддарды да жабууну сунуштап жатам. Анткени булардын баары карапайым калкка чоң зыянын тийгизүүдө.

Буйруса, бул боюнча Улуттук банк менен кеңешип жатабыз. Микрокредиттик компаниялар каражатты сырткы донорлордон, Дүйнөлүк банктан, Азия банкынан алышат экен. Эгерде аларга 15-20 пайыздан ашырбайсыңар деп чектөө кое турган болсок, Кыргызстанга инвестициянын келишине да чектөө коюлуп калат.

Биринчи кезекте лицензияларын көзөмөлдөө керек. Алар кредитти төлөө мөөнөтү келип калганын атайылап айтышпайт экен. Бул карызын төлөй албай жаткан адамга жагып, "банк унчукпаса, мен да жүрө турайын" дейт дагы, а банк бир ай өткөндөн кийин нотариустан өткөрүп алган үйдүн документтерин өздөрүнө каттап коюшат. Мындай иштерден карапайым жарандарыбыз жабыркап жатышат. Ошондуктан жакынкы күндөрү Улуттук банк менен биргеликте көзөмөлдөө функцияларын ишке киргизебиз", - деди Ташиев.