Жогорку Кеңештин депутат Эрулан Көкүловго байланышкан дагы бир видео соцтармактарга жарыяланды. Бул сапар эл өкүлү автоунаа айдап баратып телефон менен сүйлөшкөн. 

Жарылаган аккаунт видеонун түбүнө "Кыргыз Республикасынын Конституциясында "Кыргыз Республикасында мыйзам жана сот алдында баары бирдей" деп турат" деп жазган. 

 Видеого жазылган комментарийлердин басымдуу бөлүгү эл өкүлүн сынга алган. "Ал көөп кетти", "ал азыр мурдагы Көкүлов эмес", "депутат болгондон бери өзүн жердин киндигиндей сезип алды" ж.б. пикирлер жазылган. 

Буга чейин да Көкүлов "Промзона" клубуна баш кийимин чечпей кирем деп чыр салганы видеого түшүп тараган болчу.