Нарын облусундагы Ак-Тал айылынын тургуну, 5-класстын окуучусу президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу 24.kg жазып чыкты. 

Анда Сырга аттуу кыз үйүнүн абалын видеого тартып, өлкө башчысынан жардам сураган. 

"Атам 3 жыл мурда каза болуп калган. Жети бир тууганбыз. Бизди апам багат. Үйүбүз кулап калышы мүмкүн", - деген кыз. 

Сырганын бир тууган эжеси Айпери аталган агенттикке ал үйдө эки сиңдиси, иниси жана апасы жашаарын, калган бир туугандары үй-бүлө күтүп кетишкенин билдирген. Атасы 2020-жылдагы коронавирус пандемиясында каза тапканын, ал эми ал үйдү өздөрү курушканын, эч кандай курулуш нормалары сакталбаганын белгилеген. 

"Азыр таштан жасалган пайдубалы урап баштады. Дубалдардан дагы дарака кеткен, үйдүн ичи ным тартат. Биз апабызга азык-түлүк, көмүр жагынан жардам беребиз, бирок жаңы үй куруп бергенге акыбалыбыз жок", - деген ал.