УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагына күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюуга багытталган тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралар улантылып жатат. Анын негизинде Токмок шаарынын жана Чүй районунун аймагына күйүүчү-майлоочу майларды мыйзамсыз алып келип, сатуу менен алектенген туруктуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, күйүүчү май сактоочу жайды текшерүүнүн жыйынтыгында 6 унаа кармалды. Алар: Лексус GX470 үлгүсүндөгү 4 унаа, Мицубиси Паджеро үлгүсүндөгү 1 унаа жана Мерседес W140 үлгүсүндөгү 1 унаа. Учурда баары Токмок ШИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн айып унаа токтотуучу жайына киргизилди. Ал унаалардан 11 тонна күйүүчү-майлоочу майы табылып алынып, Токмок шаардык мамлекеттик салык кызматына тиешелүү документтерин текшерүү үчүн өткөрүлүп берилди. 

Азыркы учурда келтирилген чыгымды жана мыйзамсыз аракеттерге катышкан адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.