Жер көчкүдөн улам Өзгөн районунда өзгөчө кырдаал жарыяланып, тургундар коопсуз жайга көчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.

Анда айтылгандай, 22-мартта саат 05:00 чамасында Өзгөн районундагы Жалпак-Таш айыл аймагына караштуу Карл Маркс айылынын Кызыл-Күңгөй тилкесинде жер кыртышы активдешип, болжол менен 1 млн куб метр жер көчкөн. Жер көчкү аталган тилкеде жайгашкан 18 турак үйгө коркунуч жараткан.

Жерине 24 куткаруучу, айыл өкмөт тарабынан 40 адам, 1 ХОВО, 5 портер, 3 КамАЗ, 1 жүктөгүч жана жеке унаалар тартылып, 18 турак үйдүн 195 тургуну жеңил үй тиричилик буюмдары менен Куршаб айылына туугандарыныкына көчүрүлгөн.

ӨКМден белгилешкендей, акимдин буйругунун негизинде Карл Маркс айылында I даражадагы табигый мүнөздөгү өзгөчө кырдаал жарыяланды. Жеринде абалды өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов көзөмөлгө алууда.

Белгилей кетсек, аталган аймакта жер 2017-жылдын жаз айларында активдешип баштаган. 2022-жылдын 5-сентябрында аталган аймак ӨКМ тарабынан жашоого кооптуу деп табылып, 18 турак үйдүн жашоочуларына башка жакка көчүү сунушталган.