Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев Бишкектеги №1 абакка 15-майга чейин камалды. Бул тууралуу анын адвокаты Самат Матцаков билдирди.

Дүйшөнбек Зилалиевдин кармалганы 16-мартта белгилүү болгон.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) маалыматына караганда, ал лицензия берүү үчүн пара алууга шектелүүдө.

"З.Д.Т. 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталды. Бирок, З.Д.Т. айтылган убадаларын аткарган эмес жана алган акчаны кайра ээсине кайтарбаган", - деп айтылган атайын кызматтын маалыматында.

Дүйшөнбек Зилалиев 2016-2017-жылдары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектеп турган. 2017-жылы август айында өкмөттүн экономика маселелерин караган вице-премьер-министри болуп дайындалып, 2018-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчи болуп барган.

2018-жылдын 18-октябрында Зилалиев дагы бир иш боюнча шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган. Анда Зилалиевге карата Жазык кодексинин "Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу" беренесинин негизинде иш козголгон.

2020-жылы Биринчи Май райондук соту Зилалиевди Жазык кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп таап, жети жылга кескен. Буга Башкы прокуратуранын Зилалиевге, 2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турган учурунда, өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алганы үчүн "Мыйзамсыз баюу" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогону себеп болгон.

2022-жылы январда Зилалиев үй камагына чыккан.