УКМК коррупциялык көрүнүштөрдү азайтуу боюнча иш чаралар жургүзүлүп жатканын белгилейт. Ошондой эле, бул аракеттердин натыйжасында, "Тазалык" муниципалдык ишканасынын мурдагы директору кармалды. 

Эске салсак, аталган ишкананын мурдагы директору С.Р.А.га карата ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

С.Р.А. 2017-2018-жылдары "Тазалык" муниципалдык ишканасынын директору болуп турган кезде өзүнүн жеке пайдасы үчүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу менен ишкананын айрым кызматкерлери менен алдын ала кылмыштуу бүтүмгө келип, иштебеген жана жетишсиз болгон атайын автотетиктерди (таштанды ташуучу унаалар, самосвалдар, жүк ташуучу унаалар) жана күйүүчү-майлоочу материалдарды негизсиз эсептен чыгарып салган. Чындыгында унааларга бөлүнгөн тетиктер жана күйүүчү-майлоочу майлар сатылып, түшкөн каражаттар өздөрүнө бөлүнгөн.

Аталган кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматы тарабынан соттук-бухгалтердик экспертиза дайындалып, корутундусуна ылайык, Бишкек шаарынын мэриясына караштуу «Тазалык» МИнин бюджетине 5 миллион сомдон ашык суммада зыян келтирилген.

Белгилей кетүүчү нерсе, мындай аракеттер атайын техниканын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын таңкыстыгын жараткан. Ал өз кезегинде таштанды чыгарууга жооптуу тиешелүү муниципалдык кызматтардын туура эмес иштешин шарттаган. Жарандар таштандылардын көп топтолуп, өз убагында чыгарылбай жаткандыгы боюнча бир нече жолу арызданышкан.

Учурда С.Р.А. кармалып, КР УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Иштин бардык жагдайларын жана бул коррупциялык схемага тиешеси бар башка жооптуу адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.