Кыргызстан боюнча 13.03. 2023 - 19.03.2023-ж. карата СOVID-19 инфекциясынын 29 учуру катталды.

Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Алардын ичинен 11 бейтап ооруканага жаткырылды.

2023-жылдын 13-19-мартына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.

Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылга жана 2023-жылдын 81 күнүнө карата жалпысынан COVID-19  инфекциясынын 22 021 учуру катталды, анын ичинен 20 010 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9,2%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.