Чын жүрөктөн чыккан маек. “Кыргызстан келечеги” медиадолбоорунун негиздөөчүсү Нурсейит Анаркулов бул сезондо көрүүчүлөрүн эмне менен кубандыраарын айтып берди. Аталган долбоор жогорку сапатта даярдалып,  бардык курактагы жана ар кандай контенттеги адамдар үчүн ылайыкташтырылган.

Маалымат иретинде: “Жаштар тууралуу “Кыргызстандын келечеги” медиа-долбоору ар түрдүү платформалар үчүн 4 контенттен турат.

“Кыргызстандын келечеги” деп аталган биринчи контент 10-15 мүнөттүк маек форматындагы берилет.  Анда жаш курагына карабай ар кандай бийиктиктерди багындырып келе жаткан келечектүү жаштар жөнүндө, өлкөбүздүн келечеги болгон инсандардын бейнеси чагылдырылат. Бул контент “Пирамида” телеканалында дем алыш күндөрү чыгат жана  YouTube-каналынан да көрүүгө болот. 

Экинчи контент - “Nakta Podcast” деп аталат, кыскача айтканда, бул чын жүрөктөн чыккан маек.

Подкастка өз ишмердүүлүгүндө атактуулукка жетишкен инсандар чакырылат жана алар менен эфирге чейин тандалган белгилүү бир темада баарлашуу болот.

"Ал эми теманы биз конокко келген адам өз тармагы тууралуу айтып, өз тажрыйбасын көрүүчүлөр менен бөлүшө тургандай кылып тандайбыз. “Nakta Podcast” “Radio Record” каналында, ошондой эле жогоруда айтылган YouTube-каналында жарыяланат", - дейт Нурсейит Анаркулов.

Үчүнчү контент – «Тарых үчүн» деп аталат. Бул Instagram жана TikTok сыяктуу социалдык тармактарга багытталган кыска видеолор. Бул роликтерде элибиздин каада-салты, тарыхы тууралуу сөз болот. “Тарых үчүн” @kyrgyzstan_future соцтармактарына жарыяланат.

Ал эми акыркы контент - “Элде эмне болуп жатат?”. Бул жаңылык иретинде кетет, айырмасы - эл өзү алып баруучулукту аткарат. Өлкөдө болуп жаткан жаңылыктар көңүл ачуу маанайына айкалыштырылып берилет. 

Мына, ушул жана башкалар тууралуу Нурсейит Анаркулов маегинде айтып берди. 

- "Кыргызстандын келечеги" программасынын каарманы ким боло алат?

- Биздин бир нече критерийге жооп берген ар бир адам бул программанын каарманы боло алат. Биринчиден, курагы 25 жаштан ашпашы керек.. Экинчиден, элибиздин, өлкөбүздүн жаркын келечеги үчүн деген идея менен күйөөрү биз үчүн абдан маанилүү. Ошондой эле, келечектүү, амбициялуу жана кандайдыр бир жетишкендиктерди багындырган болушу зарыл.

- Жаңылбасам ушул убакка чейин подкасттар аудио платформаларда гана болчу, а сиз аларды радио аркылуу тааныштыргыңыз келип жатат, эмне үчүн?

- Кечинде үйгө бара жатканыңызды элестетиңиз. Жолдо тыгын… Машиналардын сигналы… Чыңалган нерв… Так ошондой учурда сизге «Рекорд» радиосу жардамга келет. Анда эч кандай жагымсыз маалыматтар, кимдир бирөө тууралуу ушак-айың жок.  Жагымдуу музыка менен чын жүрөктөн баарлашууну угуп, жылдыздарыбызды такыр башка өңүттөн тааныйсыз. Бул  сонун эмеспи.

- “Тарых үчүн”  программасын кененирээк сөз кылалы, бул салт-санаа тууралуу экенин түшүнүп турам, көрүүчүлөргө эмнеси менен кызыктуу болот деп ойлойсуз?

- Ар бир контенттин өзүнүн аудиториясы бар. «Тарых үчүн» тарыхты жана салтты сүйгөндөргө, тигил же бул салттын эмне үчүн бар экенин түшүнгүсү келгендерге  кызыктуу болот. Салт-жөрөлгөлөр ар кандай шарт, тарыхтын негизинде жаралган, а азыр мунун баары шоуга айланып баратат. Эл бири бирине атаандашып, ысырапкорчулукка барышууда. Алар каада-салтыбыз эмне үчүн бардыгын билишсе, жок дегенде азыркы абалды ойлонушмак.

- “Элде эмне болуп жатат” тасмасын тартуу идеясы кантип жаралган?

- Баары абдан жөнөкөй. Сиз күн сайын жаңылыктарды окуйсуз же көрөсүз. Аларды бардык жерден табасыз: теле, радио, социалдык тармактарда ж.б. Ар бир басылма тигил же бул жаңылыкты өзүнө жана өзүнүн редакциялык саясатына ылайыкташтырат, бул дүйнө жүзү боюнча ушундай. Ал эми “Элде эмне болуп жатат?” контенти маалыматтык  бурмалоолорду түшүнө билүү үчүн ойлоп табылган. Бирок бул жөн гана кызыктуу жана көңүл ачуучу контент.

-Мунун баарын качан жана кайдан көрүүгө жана угууга болот?

- Дароо эле биздин социалдык тармактарга кириңиз. Бардык даталар жана контенттер боюнча толук маалымат бар. Бардык социалдык тармактарда @kyrgyzstan_future деген лакап атыбыз бирдей. Ошол жакка кирип окуп, көрө аласыздар.