Биринчи Май райондук соту 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жаткан кишинин баш коргоо чарасын карады. Бул тууралуу 22-мартта соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, шектүү №1 тергөө абагына бир айга камакка алынды.

Жашы жете элек кыздын зордукталганы жөнүндө арыз милицияга 2021-жылдын ноябрь айында түшкөн. Аламүдүн районунун тургуну небереси 2021-жылдын август айында зордуктоого кабылганын, окуя Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ичинде болгонун, ал жакка кызды Алтынбек аттуу киши TikTok социалдык түйүнүнө видео тартам деп алдап алып барганын, натыйжада небересинин боюна бүтүп, бала төрөлгөнүн айтып берген. “Зордуктоо” беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Быйыл мартта Акыйкатчы институту 2022-жылы тергөөчү ишти токтотконун, шектүү эки жылдан ашык убакыттан бери эркиндикте жүргөнүн кабарлаган.

Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова кыздын чоң атасы жардам сурап кайрылганын маалымдап, Биринчи Май райондук прокуратурасынан тергөөчүнүн ишине баа берүүнү талап кылган.

Тергөөчү ДНК маселесине байланыштуу ишти бир жылга токтотуп койгон бойдон кайра уланта электиги жана Орусияда жасалган тест баланын атасы шектүү экенин тастыктаганына карабастан, ал кайрадан Казакстандан 600 долларлык тест жасатууну талап кылганы кабарланган.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстанда зордуктоого кабылган балдар боюнча 52 кылмыш иши козголгон, алардын бирөө тараптар элдешип алганы үчүн кыскарган, үч иш кылмыш жасаган адам аныкталбаганына байланыштуу токтоп турат, 34ү сотко кеткен, тогузу тергелип жатат.