Кечээ, 21-мартта, Кыргызстандын Индиядагы элчилигинде мекендештердин катышуусунда Нооруз майрамы белгиленди. Бул тууралуу элчиликтен билдиришти.
Анда айтылгандай, жолугушууда Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов куттуктоо сөзүн сүйлөп, жаздын келишин жана жаратылыштын жаңылануусун билдирген байыркы майрамдын ролун белгиледи.