21-мартта Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиев Нооруз майрамына карата уюштурулган көк бөрү оюну боюнча республикалык мелдештин финалдык таймашынын алкагында өткөрүлгөн ат оюндарына күбө болду.

Алдыга озуп чыккан аргымактардын ээлерине сыйлык тапшыруу аземинде сөз сүйлөгөн Төрага Нурланбек Шакиев кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктап, уюштурулган таймаштар жогорку деңгээлде өтүп жатканын билдирди.

Ошондой эле Төрага ат оюндары – кыргыз спортунун жүзү экенин белгилеп: "Аргымактын үстүндө айгай салып, камчысын кырча тиштеген азаматтарыбыз көңүл кубанткан мыкты оюн көрсөтүштү. Элибиздин ынтымагын бекемдеп, даңазасын арттырган ушундай иш-чаралар арбын болсун”, – деген тилегин айтты.

Эскерте кетсек, "Аккула" ат майданында өтүп жаткан  көк бөрү оюну боюнча республикалык мелдеш 13-мартта башталган.