Талас облусунун Арал айылында 14 жаштагы кызды зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Талас облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-мартта Арал айылынын тургуну быйыл 27-январда 14 жаштагы небересин айылдашы күч колдонуп зордуктаганын айтып, арыз жазган.

"Бул факты боюнча "Зордуктоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары ошол эле айылдын 22 жаштагы тургуну кармалды. Азыр тергөө иштери уланып жатат" - деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу болгон.

Ички иштер министрлиги былтыр сексуалдык зомбулук боюнча жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнүн билдирген. Балдарды зордуктоо фактысы боюнча 39 иш тергелип, анын 25и сотко өткөн. Үч кылмыш иши токтотулуп, дагы 11и боюнча тергөө уланууда.