Бишкек шаарындагы Ленин районунун прокурору Бакыт Байзаков кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктады. 

"Нооруз майрамы жаңы жашоо, жаңы күндүн башталышы. Бул күнү күн менен түн теңелет. Ата-бабаларыбыз Ноорузду ыйык санап, жылдардын тогошуусу катары кабыл алган. Жаратканга, жарыкчылыкка, жаратылышка таазим этишкен. Бул күн тилектердин күнү. Ак караны, жакшылык жамандыкты, арамдык адалдыкты жеңээрин даңалазайт. Жаз жарышы уланып, бак-дарактар жашыл түскө келип, дыйкандар эгин эгип, кышка алгачкы камылга башталат. 

Бул жолку Нооруз өзгөчө учурга туш келди. Жыл алмашуусу менен катар ыйык Орозо айына кирип барабыз. Нооруз жамандыкты качырып, жакшылыкты чакырып, адамдар ортосундагы араздашууну токтото турган күн болсо, Орозо айы дагы ынтымакты, биримдикти бийик коет. Өзгөчө айдын босогосунда турганыбызда Кыргызстаныбызды асманы ачык болсун деп тилейли. Өлкөбүздүн ар бир жараны жакшы ниет-тилектерин ишке ашырып, ар бир үйдө бакыт байыр алып, күлкү жаңырсын. 

Эгемендүүлүк түбөлүк энчибизде калсын. Баарыңыздарга жаңырган жылда жакшылыктарды каалайм", - деди Бакыт Байзаков.