Жер тилкелерин мыйзамсыз каттоого жана бөлүп берүүгө тиешеси бар Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

УКМК жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин коррупциялык көрүнүштөрүн жоюуга багытталган тийиштүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатканын белгилейт. Анын негизинде, 17-мартта Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А.М. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди. 

Эске салсак, 2022-жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) жана 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) боюнча кылмыш иши козголгон. Анда жер тилкелерин жана ишеним каттарды берүү боюнча жасалма чечимдерди кабыл алуу аракетине бөгөт коюу максатында Сокулук районунун Орок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.А.М. жашаган жеринде издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн.  Жыйынтыгында, материалдар (жазуучу машина, жазуучу машинага керектүү эски түсү жок бир рулон кагаз, жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча даяр чечимдер, эски үлгүдөгү Орок айыл өкмөтүнүн жана Сокулук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынын мөөрү басылган А-4 үлгүсүндөгү кагаз) жана буюмдар табылып алынган.

Учурда расмий документтерди мыйзамсыз даярдаган каналдын башка катышуучуларын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.