Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев жеке менчик банктардан жана микро кредиттик компаниялардан жабыркаган жарандар менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту.

Жыйында “Оптима”, “МБАНК” (“Кыргызстан Коммерциялык банкы”), “Компаньон”, “Бай-Түшүм Банкы”, “Капитал плюс”, “UCH Сredit” жана башка микрокредиттик компаниялардан кредит алып, үстөк акылары алган акчаларынан эки-үч эсе көп төлөп, күрөөгө коюлган турай жайларынан ажыраган жарандар арыз-муңун айтты.

Эл өкүлү бул маселе боюнча атайын топ түзүп, мыйзамдын негизинде Жогорку Кеңештин, комитет жана фракциянын жыйындарына алып чыгып, тиешелүү түзүмдөр менен биргеликте жолугушууда көтөрүлгөн маселелерди чечип берүүгө бардык күч-аракетин жумшарын убадалады.