2023-жылдын 16-мартында Москва РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө РИИБнин Коомдук коопсуздук кызматынын милициянын участкалык уполномоченныйы билдирме менен кайрылып, Москва районунун Крупский айылынын Октябрь орто мектебинин 6-классынын окуучусу 2010-жылы туулган Д.К. аттуу жаш өспүрүм бала өз атасы тарабынан ур-токмокко алынгандыгын билдирген.
Мындай маалыматты Чүй ОИИББи таратты.
Аталган факт Москва РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын КЖКнин 138-беренесинде (уруп-сабап кыйноо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда, Д.К. аттуу жаш өспүрүм баланын денесинде жаңы жана эски жаракаттар, анын ииздери табылып, ал 1989-жылы туулган Д.З. аттуу өз атасы тарабынан ур-токмокко алынганы, буга чейин да мындай фактылар болуп келгендиги аныкталган.
Чүй ОИИББнын жана Москва РИИБнин кызматкерлери тарабынан изи сууй электе Москва районунун Н. Крупская айылынын тургуну 1989-жылы туулган Д.З. аттуу жаран аныкталып, Кыргыз Республикасынын КЖПКнин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
2023 жылдын 16 март күнү Москва райондук сотунун чечими менен бөгөт коюу чарасы камакка алуу колдонулган.
Кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.