Бүгүн УКМК тарабынан "КыргызНефтегаз" ишканасынын мурдагы жетекчиси жана ага коррупциялык схема түзүүгө көмөктөшкөн шериктери кармалганы белгилүү болду. 

Рашид Бостонов аталган ишкананы 4 жыл башкарган. Ал башкарган жылдарда "КыргызНефтегаздын" кирешеси 2 миллиард 977 миллион сомду түзгөн. Андан соң ишкананын жетекчилигине келген Нургазы Нышановдун убагында, эки жылда киреше 5 миллиард 800 миллион сомдон ашкан. Бир жылдын ичиндеги киреше төрт жылдын көрсөткүчүнөн дээрлик эки эсе ашкан. Бирок өндүрүлгөн продукция, иш ыргагы мурдагы бойдон, өзгөрүүсүз уланган. Демек, жетекчилердин коррупциясыз аракети менен "өз көмөчүнө күл тартуусунун" жыйынтыгы ушул.

Бул эмнени билдирет? Рашид Бостонов 4 жыл бою компанияны коррупцияга батырып, өз чөнтөгү үчүн иштеген. Ал күйүүчү-майлоочу майларга жасалма баа койгон. Продукциянын базар баасы менен сатуудагы айырмасы 1 литрине 5 сом айырмачылыкты түзгөн. Андан тышкары, бааны арзандатуу үчүн келишим түзүү үчүн уюштурулган фирмалар салык төлөбөгөн. Жыйынтыгында, салыкка болгон карыз 400 миллион сомдон ашкан. Мамлекетке келтирилген зыян компаниянын ошол кездеги жетекчилеринин баюусун шарттаган. Алар 4 жыл аралыгында 300 миллиондон ашуун каражатка ар кандай мүлктөрдү сатып алышкан. Булардын баары тастыкталгандан кийин Рашид Бостонов баштаган коррупциялык схеманын авторлору камакка алынышты. 

Бул компаниянын акциясынын басымдуу бөлүгү, 85,16 пайызы мамлекетке таандык. Мамлекеттин карамагындагы ишкананы 4 жыл жетектеп, эсепсиз байыган Бостоновдун жыргал жашоосу УКМКнын тыкыр аракети болбогондо улана бермек. Эми ал шериктери менен бирге миллиарддаган каражаттын агымын мамлекеттен өздөрүнүн пайдасына бурган кылмышы үчүн жооп беришет.  

УКМК тарабынан мамлекеттик ишканалардагы коррупциялык иштерди ачыктоо, бюджетти кайып кеткен каражаттарды кайтаруу иш чаралары жүргүзүлүп келүүдө. Анын негизинде, буга чейин мамлекеттин каражатын кымырып алууга көнгөн учурдагы жана мурдагы жетекчилер кармалышууда. Коррупцияга каршы күрөштүн иш жүзүндө аеосуз жүрүп жатканы бүгүнкү аткаминерлерге сабак болоор.