Издөөдө жүргөн жаран 17-мартта кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Кармалган А.А.К.  жарандардын ишенимине кирип, КР УКМК жогорку жетекчилигинин атын жамынып алып, алдамчылык жолу менен ири өлчөмдөгү акча каражатын алган.

Азыркы учурда, аталган А.А.К. жасаган кылмыштарынын бардык эпизоддорун аныктоо боюнча тиешелүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.