Өзгөчө ири өлчөмдөгү  акча каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кеткендиги үчүн “КыргызНефтегаз” ААКнын мурдагы жетекчилиги кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. 

Учурда мурдагы жетекчиликке карата "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.  

УКМК тараткан маалыматка караганда,  2017-2020-жылдарда “Кыргызнефтегаз” башкармалыгынын мурдагы төрагасы Б.Р.А. жетекчилиги астында күйүүчү-майлоочу майларды арзандатылган баада сатуу үчүн  келишимдерди түзгөн  жалданма фирмалардын тармагы уюштурулган.  Бул коррупциялык схеманын негизинде, күйүүчү-майлоочу майлардын базар баасы менен сатуунун ортосундагы айырмасы 1 литрине 5 сомду түзгөн. Айырмачылыктан келип түшкөн сумма “Кыргызнефтегаз” ААКнын жетекчилигинин жана жогорку кызматтарда отурган "крышаларынын" чөнтөгүнө кетип турган. 

Жеке баюуга багытталган максаттарын ишке ашырышкандан кийин жалданма фирмаларды жоюп салышкан дагы, жыйынтыгында 400 миллион сом салык төлөнбөй калган. 

Белгилей кетсек, Б.Р.А. аталган компанияны 4 жыл башкарган. Бул учурда компаниянын кирешеси 2 миллиард 977 миң сомду түзгөн. Андан кийин, 2021-жылы  жетекчилигине Нургазы Нышанов дайындалган. Жаңы жетекчиликтин аракети, таза иштөөсүнүн натыйжасында, учурда ишкана 5 миллиард 800 миллион сомдон ашуун киреше табууда. 

Убагында банкрот жарыялануу алдынан кайткан "КыргызНефтегаздын" ишмердүүлүгү коррупциянын айынан гана жакшы кетпей жатканы убакыттын өтүшү менен ачыкталды. Ага бир мисал, мурдагы жетекчилик 300 миллион сомдон ашуун суммадагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү сатып алышкан. Бул фактылар тастыкталган. 

Учурда компанияны белчесинин карызга батырып, мамлекетке берген пайдасын азайтып, бирок өз чөнтөктөрүн кампайткан 5 адам кармалып, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча тергөө абагына камалды. Алардын бири мурдагы жетекчи Б.Р.А. болсо, калгандары коррупциялык схема түзүүдө ага көмөктөшкөндөр. 

Азыркы учурда мамлекетке келтирилген зыянды аныктоо жана анын ордун толтуруу чаралары көрүлүп, тергөө иштери жүрүп жатат.