Журналист Болот Темировго таандык "Temirov Live" каналынын бул жолку иликтөөсүнө өлкө жетекчилигинин чет мамлекеттерге болгон сапарлары туш келди. Сапарлары болгондо, аныгында, жетекчиликти жеткирген учактар. Аталган каналдын иликтөөчүлөрү президент Садыр Жапаров эки, Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үч жолу кымбат баадагы учак менен учушканын ачыкташкан. 

"Temirov Live" - "чуулгандуу иликтөөлөрү" менен биринчи жолу чыгып жаткан жок. Буга чейин жасаган иликтөөлөрү өлкө жетекчилигинде турган айрым адамдарды элге жаман көрсөтүү ниетинде гана жасалганы, андагы айтылгандар куру жалаа экени белгилүү болгон. Биринчи чыкканда коомчулук "иликтөөнүн" таасирине алдырганы менен акырында, алардын баары жасалма фактылар экенине көздөрү жеткен. Бул сапар дагы канал кымбатчылык маалында элдин таалылуу чекити каражат болуп жатканын эске алып, бул теманы көтөрүп чыгуу менен өздөрүнүн атын да чыгарып, видеосуна көрүү да топтоп алуу мүмкүнчүлүгүн жөн кетиришкен жок. 

Эмнеге жасалма фактылар? Биринчиден, өлкө жетекчилигинин чет өлкөлөргө сапарында колдонулган учактар тууралуу бир нече жолу түшүндүрмө берилген. Учактын ижара акысына каражат кетпей турганы, күйүүчү майга гана акы төлөнөөрү айтылган. Экинчиден, өлкө экономикасы өсүү ыргагында. Артка эмес, алдыга кадам ташташыбыз керек. Он жыл мурда катардагы каттам менен учушса, он жылдан кийин дагы ошол калыбынан жазбаш керек деген эреже жок. Мисал иретинде өлкө бюджетинин өнүгүүсүн келтирсек болот: 2020-жылы 250 миллиард сом болсо, быйыл 503 миллиард сомго жетти. Ушунун өзү эле каналдын иликтөөсүндөгү көп суроого жооп болуп бере алат. 

Андан сырткары, жөнөкөй эле арифметика жардамга келет: президенттин, өкмөт башчысынын иш, расмий, мамлекеттик сапары учурунда жалгыз өздөрү барышпайт. Эрежеге ылайык, аларды мамлекеттик делегация коштойт. Делегациядагы бир нече адамга катардагы каттамга кетчү жол кире менен учактын күйүүчү майына коротулган сумманын айырмачылыгы аз. 

Андыктан, Темировдун "чуулгандуу иликтөөсү" бул сапар дагы максатына жетпей калды...