Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкөдөгү курулуш компанияларынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. 

Учурда курулуш компаниялары тарабынан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдөн батир алуу үчүн акча салган жарандардын батирин толук ала албай калган учурлары катталууда.

Ошол себептүү, жарандарды коргоо максатында Министрлер Кабинети тарабынан Көп кабаттуу турак жайларды үлүштүк куруу жөнүндө Жобо иштелүүдө. 

Жобого ылайык, курулуш компаниялары баштаган ар бир үйүн аягына чейин чыгаруу милдеттендирилет. Ошондой эле, курулуш компанияларына үйдүн пайдубалы түптөлө баштагандан тартып батирлерди сатууга тыюу салынат. 

Жакын арада жогорудагы Жобо ишке киргизилгенден тартып курулуш компаниялары менен жарандардын ортосунда ачык айкындуулук болот. Минкаб Төрагасынын орун басары бул кадамга жетүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын жана курулуш компанияларынын жетекчилери менен болгон мындай жыйындар тынымсыз өткөрүлүп тураарын билдирди.