Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров күзөтчү жигитти сабашы боюнча окуя дагы деле коомдо талкууда. Депутат Бишкектеги "Золотой дракон" ресторанынын жанында болгон мушташка катышкан. Ал сабаган күзөтчү бала учурда ооруканада, алган жарааты оор экени айтылууда. 

Ал эми айрым эл өкүлдөрү парламенттешин коргоонун үстүндө. Алардын бири Жусупбек Коргонбай уулу Абировдун жаранды сабаганын "эркекчилик" катары баалады. 

"Абиров коомчулук четтете турган жигит эмес, ал кыргыздын патриот уулу. Адам катары жакшы жигит. Эми кимде болбойт мындай окуя... Сен деле 1-2 литр арак ичип көр, анан кандай акыбалда болооруңду көрөсүң..." - деди Жусупбек Коргонбай уулу. 

Бул билдирүүсү менен депутат "арак ичип кылмышка баргандардын баарын кечирүү керек, мында адам эмес, арак күнөөлүү" дегендей жыйынтык чыгарып койду.