КР Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин мурдагы жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, ал буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. 

Зилалиев 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып Б.Р. аттуу жарандан 50 миң АКШ доллары өлчөмүндө акча каражатын алганы аныкталды.

Бирок Зилалиев айтылган убадаларын аткарган эмес жана алган акча каражаттарын дагы кайтарбаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө чогултулган далилдердин негизинде, 2023-жылдын 15-мартында ал  КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 Эске салсак, Зилалиев 2017-жылы дагы кылмыш ишине жоопкер болгон. Анда президенттин инаугурациясы учурунда коомдук тартипти көзөмөлдөп турган ИИМ кызматкерине "бомба ташталды" делген жалган маалыматты айтканы үчүн жоопко тартылган. Эми алдамчылыгы ачыкка чыкты.