Бир аз күн мурда генерал Өмүрбек Субаналиев «Хабибулла Абдукадыр 37 кабаттуу комплекс куруп, ар кандай жолдор менен тапкан акчаларын адалдаганы жатат» деген таризде пикир айтыптыр. Ушундан улам бул маселе боюнча оюмду айтууну туура көрдүм.

Деги биз Х.Абдукадыр тууралуу эмне билебиз? Ири ишкер, миллионер, анан айтылуу Райым Матраимовдун бизнес өнөктөшү, кудасы, мурдагы президенттер менен жолугушкан, чайлашкан, сүрөткө бирге түшкөн адам катары гана билебиз. Башка жарытылуу маалыматыбыз жок. Анан аны «монстрга» айлантып алганыбызга жол болсун! Ошондой эле «коркунучтуу» адам болсо, Кытай бийлиги эчак эле анын сазайын бермек.

Бизди инвестордун акчаны кантип, кайсы булактардан тапкандыгы кызыктырбашы деле керек. Биз үчүн жүз миллиондогон долларлык инвестиция кылып, миңдеген жумушчу орундарын түзгөнү жатканы гана эсеп. Инвестор Интерполдун кара тизмесине кирбесе, өз мекенинде мыйзамдын кылтагына илинип, качып, безип жүрбөгөн адам болбосо болду. Ири акча каражаттары мыйзамсыз да, мыйзамдуу да жолдор менен табылат. Бизди суктанткан БАЭнин Дубайында дүйнөдөгү коррупционерлер, кирешелерин ар кандай жолдор менен тапкандар мүлктөрдү сатып алып, бизнес долбоорлорду ишке ашырып ээн эркин жүрүшөт. Дубай бийлигин инвесторлордун акчаларынын булагы кызыктырбайт, башкысы, мыйзамдарды бекем сактаса, салыктарды өз маалында төлөп турса болду. Бизде да инвесторлорго ошондой мамиле болушу керек.

Х.Абдукадыр артынан өзүнө окшош дагы онду ээрчите келсе кандай жакшы болмок. Кудайдан жөө качкан коррупционерлер, “держи мордалар” арабызда толуп жүрсө, жүздөгөн миллиондорду апкелгени жаткан инвесторлорду териштиргенди бизге ким койду экен? Кайсыл арыбызга антип таза таризденебиз? Минтип өзү келгени жаткан ырыскыны тепкилеп турсак, анда биз азыркыдай абалыбыздан кылымдын аягында да чыкпайбыз!

Мирлан Дүйшөнбаев, журналист