Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “40 райондон 40 демилге” инновациялык демилгелерди тандоо долбоорунун жеңүүчүлөрүн аныктоо жана сыйлоо аземине катышты.

Эдил Байсалов салтанатты ачып жатып, учурда инновациянын ролу болуп көрбөгөндөй жогорулаганын белгилегенди. 

“40 райондон 40 демилге” долбоору” кичи жана орто бизнес үчүн өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө салым кошо турган бизнес долбоорлорун ишке ашыруу үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк. Бүгүн жеңип чыккан 8 инновациялык демилгенин авторлору өз идеясын ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн колдон келгендин баарын жасайт деп ишенгим келет”, - деди ал.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги тарабынан демилгеленген “40 райондон 40 демилге” долбоору республиканын региондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жетишүү үчүн экономиканы, илимди жана техниканы өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча инновациялык долбоорлорго дем берүү жана илгерилетүү максатында жүргүзүлгөн. 

2022-жылдын 1-августунда “40 райондон 40 демилге” долбоорунун алкагында республиканын аймактарында иштелип чыккан инновациялык демилгелерди тандоонун башталышы жарыяланган. Тандоого жалпысынан 98 өтүнмө келип түшкөн. Негизинен – өндүрүш, кайра иштетүү, өнөр жай, кызмат көрсөтүү, айыл чарба, сатуу, билим берүү жана маалыматтык технологиялар тармагындагы долбоорлорду иштеп чыгуу боюнча сунуштар болгон.

Жеңүүчү деп тандалып алынган ар бир инновациялык демилгени ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен 1 млн сомго чейинки суммада каржыланат.