Депутат Надира Нарматова Жогорку Кеңештин жыйынында аскерге кызмат кылуудан Кыргызстандагы аз улуттун өкүлдөрү качышаарын белгиледи. 

"Алар көбүнчө альтернативдик кызмат өтөшөт. Кыргызстанда жүз чакты улуттун өкүлдөрү жашашат. Бирок аскерге баргандардын 99 пайызы - бул кыргыздар. А калгандары аскерге баргысы келбейт, альтернативдик кызматка барышат. Бир гана жогорку билимдүү болуп, мамлекеттик кызматта иштегиси келгендер гана барышат", - деди Нарматова. 

Коргоо министрлигинин өкүлү Нурлан Мамбетсеитов жыл сайын Кыргызстандагы бардык улуттун жашы жеткен өкүлдөрү аскерге чакырылаарын айтты. Ал белгилегендей, 2022-жылы 5 миң 290 адам чакырылган. Алардын ичинен 114 өзбек, 7 дунган, 31 орус, 22 казак, 10 уйгур улутундагылар бар. 

Надира Нарматова бардык улуттук өкүлдөрү аскерде кызмат кылышса гана тынчтык жана биримдик болоорун белгиледи.