Кыргыз мигранттар Кыргызстан бийлигинен аларды мекенине кайтаруу боюнча программа иштеп чыгып жана ишке ашырууну суранып жатышканын депутат Айбек Маткеримов билдирди. 

Ал белгилегендей, Россиядагы кыргыз диаспоралары чет өлкөгө иштөөгө кетип жаткан жарандарды даярдоону сунуштап жатат. А мигранттар башка сунуш жолдошкон. 

"Мигранттар мамлекеттик телеканалдарга бир айлык программага акча бөлүп, социалдык роликтерди кетирүү зарылдыгын айтып жатышат. Алар бийликтен мигранттарды мекенине кайтаруу боюнча программаны иштеп чыгып жана ишке ашырууну суранышууда. Андан тышкары, жарандарыбыз Россия тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, каттоону жумуш ордунда жасатууга уруксат алып берүүнү айтышты. Ошондой эле, медициналык камсыздандырууну да чечүү керек дешти. Кыргызстандан Россиянын паспорту менен ипотека алууга мүмкүнчүлүк түзүп берүүнү да суранышты", - деди Айбек Маткеримов.