Кыргыз-өзбек чек арасына жакын жайгашкан аймактын тургуну, кыргызстандык жарандын өзбек аскерлери Кыргызстандын аймагына кирип келди деген видеосу тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат жана байланыш башкармалыгы маалымат таратты. 

 12-мартта Жалпак-Таш районунда, Баткен облусунун Баткен районунун Сай айылында жергиликтүү тургун У.Н аттуу жаран Өзбекстандын чек арачылары Кыргызстандын аймагына курал-жарак менен кирип кеткенин чагылдырган видеону тараткан.

Андан соң «Чыр-чатактын алдын алуу максатында» Айдаркен багыты боюнча КР чек ара өкүлдөрү Сох багытында Өзбекстандан келген кесиптештери менен жолугушуу өткөрүштү.

«Жолугушуунун жыйынтыгында өзбек аскер кызматкерлери мамлекеттик чек араны бузбаганы, бирок окуя болгон жерди текшерүү үчүн чек ара сызыгына жакын Өзбекстандын аймагында жүргөндүгү аныкталды», – деп айтылат маалыматта.

Эки республиканын чек арага чектеш облустарынын калкы арасында түшүнбөстүккө жол бербөө үчүн чек ара өкүлдөрү аскер кызматкерлеринин бардык аракеттерин макулдашып, тиешелүү органдарга алдын ала маалымат берип турууга макулдашышты.

Видеону жарыялаган тургунга жана Баткен районунун Сай айылына  кырдаалды түшүндүрүштү.