КР Билим берүү министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн бухгалтерия бөлүмүнүн кызматкерлеринин иш аракетин текшерди. Жыйынтыгында, бухгалтерия бөлүмүнүн кызматкерлери 2016-жылдын орто ченинен бүгүнкү күнгө чейин райондун орто мектептеринин кээ бир мугалимдерине “Бай Түшүм” жана “РСК Банк” банктарынан эсеп ачып, алар аркылуу көрсөткөн кызматтарына акы төлөө деген шылтоо менен бюджеттик каражаттар чыгарып турганы белгилүү болду.

Бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүүнүн туруктуу схемасына бөгөт коюу максатында, КР УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында, КР Финансы министрлигинин адистерин тартуу менен текшерүү иштери дайындалды. 

Азыркы учурда, жүргүзүлүп жаткан тергөө материалдары боюнча мамлекетке 2 миллион 600 миң сом кайтарылып, туруктуу схеманын башка катышуучуларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары уланууда.