Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери башка бирөөнүн мүлкүн жок кылууга шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган министрлик билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын февраль айында Талас облусунун айылдарынын биринин жашоочусу ички иштер органдарына кайрылып, белгисиз себептер менен чыккан өрттүн кесепетинен турак жайы жабыркаганын билдирген.

Окуя болгон жерге ИИБдин ыкчам-тергөө тобу келип, кароо жүргүзүшкөн. Үйдөгү издер өрттөө аракети болгонун көрсөткөн. Бөлмөлөрдөгү күйүктөрдүн айынан эмеректер жана мүлктөр жабыр тарткан. Бул учурда үйдө кожоюндар болгон эмес. Үйдөн чыккан өрттү көрүп ыкчам келишкен кошуналар өрттү өчүрүүгө киришишкен. Убагында кошуналар байкабай калса, жабырлануучулар үйсүз калышы толук ыктымал эле.

Кийин милиция кызматкерлеринин жүргүзгөн иш-чараларынын натыйжасында бул үйдү жабырлануучулардын туугандарынын бири өрттөгөнү аныкталган.

Топтолгон материалдын негизинде Талас райондук милициясы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 216-беренесинин ("Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу") негизинде кылмыш иши козголгон.

Тергөө тапшырмасынын алкагында шектүү Ысык-Көл районунун аймагында кармалды, ага Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын атайын операциялар отрядынын кызматкерлери дагы тартылган. Ал 1994-жылы туулган Э.А. Ысык-Көл районунда жашайт, мурда көп жолу соттолгон, 17 жолу ар кандай кылмыштары үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Болжолдуу маалымат боюнча, жогоруда көрсөтүлгөн жаран Талас районуна экөөнүн ортосунда чыккан уруштан улам жубайынын артынан барган. Анткени жубайы туугандарына келиши мүмкүн деп ойлогон. Жогорудагы кылмыш ишине шектүүнүн тиешеси бардыгы боюнча далилдер бар.

Кармалган жаран Талас РИИБге тергөө амалдары жүргүзүү үчүн жеткирилди.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.