Жалал-Абад шаарында жарандардын көйгөйлөрүн аныктоо үчүн, тийиштүү адистер үйлөрдү кыдырууну улантып жатат. 

Бүгүн, 13-мартта Жалал-Абад шаарынын Тайгараев аймактык башкармалыгындагы жашоочулардын көйгөйлөрүн аныктоо үчүн, тийиштүү адистерден турган топ үймө-үй кыдыруу жүргүздү. Анда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылган балдарды жана үй-бүлөлөрдү, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок, окууга тартылбаган өспүрүмдөрдү, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн, ата-энеси миграцияда жүргөн балдарды аныктоо боюнча иш алып барылып, жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, Тайгараев аймактык башкармалыгында жарандардын көйгөйлөрүн аныктоо боюнча кыдыруу бир аптага созулат.

Аталган башкармалыкта жалпы 1300дөн ашуун кожолук бар.

Эске салсак, буга чейин дал ушундай кыдыруу шаардын башка аймактык башкармалыктарында да жүргүзүлгөн болчу.