11-мартта «Манас» жана «Ош» эл аралык аэропортторунун жетекчилиги жана кызматкерлери аэропорттордун аймагын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу максатында ишембилик өткөрүштү. 

«МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов мындай иш-чаралар аэропорттун кызматкерлерине өздөрүнүн иш чөйрөсүнө кам көрүүгө жана аны жакшыртууга көмөк көрсөтүүгө мүмкүндүк берерин белгиледи.

Ал кошумчалагандай, ишембиликтерди өткөрүү аэропорт менен жергиликтүү коомчулуктун ортосундагы мамилени чыңдоого жардам берет.

Кызматкерлер компаниянын экологиялык жана социалдык жоопкерчилик программасынын алкагында тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүштү. Өндүрүштүк жайлар иретке келтирилип, аянтчаларды жана имараттарды тазалоо иштери жүргүзүлдү, ошондой эле аэропорт комплекстерине жанаша жайгашкан аймактагы жашылдандырылган зоналарды, асфальт-шагыл жолдорду, унаа токтотуучу жайларды жана аэропортко жакын жайгашкан башка инфраструктуралык элементтерди иретке келтиришти.

 Аэропорттордун аймагын көрктөндүрүү ишине 330 ашык кызматкер катышты.