- Каныбек агай,  президент “Кыргызстандан акча чыгарып кетпей, тескерисинче, акча киргизгендер болсо, кол чаап тосуп алам”,- деди. Ажо маселени кабыргасынан койдубу?

- Эң туура айтты. Өлкөдөн акча чыгарып кетүү уурулугу  же экономикалык диверсия акаевдик замандан күч алып кийинки президенттердин тушунда эбегейсиз күчөгөн. Айрыкча, 2010-2020-жылдары. Бул ыплас кылмышты ошол кездеги өлкө башчылары өздөрүнүн айлана-чекелериндеги жексур- соргоктор менен кадимкидей эле бизнеске айландырып алышкан. Садыр Нургожоевич ушул жөнүндө катуу айтып жатат!