Кыргызстанга келчү инвесторлор мейманкана бизнеси менен алектенери белгилүү болгондон кийин коомчулукта түрдүү пикири жаралууда. Буга байланыштуу саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев пикирин соцтармактагы баракчасына жазды:

"Гостиница, бизнес борбордун ордуна больница, мектеп, завод салышса болмок, бийлик каякты карап отурат" деген чакырыктарды көп угуп калабыз. Үстүртөн караганда эң туура кептей көрүнөт.

Бирок, ар бир бизнесмен бир нерсе салаарда болочок кирешени ойлойт да. Ал өз акчасын Бишкекке так ошол 5 жылдыздуу гостиницаны салам деп, алдын ала болочок киреше- чыгашасын санайт да. Аны эмне кыйнайбызбы: жо-ок, гостиница болбойт салганга, сөзсүз мектеп- больница сал деп.

Мектеп- больница салуу, аны жабдуу, бюджеттин эсебинен кармоо- бул эл аралык бизнестин иши эмес. Ал Өкмөттүн иши. Ошону туура түшүнүп Өкмөт ыкчам темп менен Бишкекте эле былтыр 15 мектеп салып койду. Мындан ары да бул иш күчөтүлөт!

Завод салыш керек дешет....Чоң гостиница деле бул чоң заводко тете оокат...Акча айлануусу боюнча, бюджетке налог төлөөсү боюнча, жаңы жумушчу орундарды түзүү боюнча...Жумуш орду десе эле сөзсүз совет доорундагыдай завод- фабриканы элестетпеш керек!.

Эң көп жумуш оордун түзүп аткан так ошол гостиницалар, кафелер, АйТи сектору, банктар, университеттер...

Шаардын көркү, заманбап архитектурасын айтпай эле коёлу..."