Баткен облусунун Лейлек районундагы Мурас айылында 25 миң 600 түп бадам көчөттөрүн отургузуу иштери башталды. 

Бак-дарактарды отургузуу аземи 2023-жылдын 11-мартында старт алды. Ага министрлер, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери катышты.

Жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманова өз сөзүндө жергиликтүү тургундарга аймактын бүтүндүгүн сактоодогу жана өнүктүрүүдөгү  аракети жана эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирди. 

«Бүгүнкү иш-чара президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун демилгеси менен 2022-жылдын 12-мартында башталган «Жашыл Мурас» улуттук программасын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Кампания айлана-чөйрөнүн экологиялык абалын жакшыртууга жана биздин урпактарыбыз үчүн азыркы жана келечектеги мурастарды камсыз кылууга багытталган», - деп баса белгиледи министр. 

Ошондой эле, Динара Кутманова Мурас айылынын тургундарынын көңүлүн коноктордун курамына буруп, бүгүнкү Кыргызстандын өнүгүшүндө аялдардын орду чоң экендигин айтып өттү. Белгилей кетсек, иш-чарага республиканын белгилүү айымдары: Саламаттыкты сактоо министри Гүлнара Баатырова, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева, Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Жамиля Исаева, депутаттар Камила Талиева, Айгүл Айдарова, Винера Раимбачаева, Миргүл Темирбаева, Аида Исатбек кызы, «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева, Кыргыз Республикасынын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева катышты. 

Мурас айылына бадам көчөттөрүн отургузуу – өлкөдө интенсивдүү багбанчылыкты өнүктүрүү программасынын уландысы болуп эсептелет. 2022-жылы Баткен районунун Кулунду айыл өкмөтүндө 144 миңден ашык жана Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Михайловка айылында 144 миңден ашык мөмө-жемиш өсүмдүктөрү отургузулган.

Мындай долбоорлорду Кыргызстандын бардык аймактарында ишке ашыруу пландалууда.