12-мартта президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана жарлыгынын негизинде Ысык-Көлдүн булганган акваториясын таштандылардан жана балык уулаган торлордон масштабдуу түрдө тазалоо максатында "Ысык-Көлдү коргойлу" аталышындагы самаалыктын расмий ачылышы өттү.

Иш-чара Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ысык-Көл айылында өтүп, ага Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев баш болгон облустун өздүк курамы, Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ильяз Иманбетов, жергиликтүү тургундар ж.б. катышты.

"Көгүлтүр көлүбүздү сактап калууда ар бирибиз салым кошконубуз бул - атуулдук жана жарандык милдетибиз деп эсептейм. Андыктан Кыргызстаныбыздын эң кооз көлүн урпактарга өткөрүп берүүдө жоопкерчиликтүү мамиле жасайлы. Келечекке татыктуу муун жана үлгү бололу", - деди министр Бообек Ажикеев.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу астындагы техникалык иштерди жасоо борборунун суучулдары атайы бекитилген планга ылайык тазалоо ишин жуманын иш күндөрү жүргүзүп отуруп, көлдүн бардык акваториясын камтуу алдында турушат. Ошондой эле суучулдардын катарында ыктыярчылар да бар.

Бул ишти натыйжалуу жана сапаттуу аткаруу үчүн быйыл Түркия мамлекетинен алып келинген "Дельта" катери колдонулат. Аталган катердин жүрүү ылдамдыгы саатына 40 км чакырымды түзүп, ичине 10 суучул шаймандары менен батат. Эске салсак, суучулдарда буга чейин мындай техникалык мүмкүнчүлүк жок болгондуктан издөө жана куткаруу ишинде ыкчам аракет көрүүдө бир кыйла кыйынчылыктарды жаратып келген. Ал эми аталган катерди Кыргызстанга берүү боюнча ӨК министри Б. Ажикеевдин Түркия мамлекетине болгон иш-сапарында макулдашылган.