Президент Садыр Жапаров Нарынга болгон иш сапары учурунда ККМге каршы чыккан салык төлөөчүлөр менен жолугушту. Салык төлөөчүлөр ККМге даяр эместигин билдирип, дагы 5 жылга артка жылдырууну суранышты. Буга себеп катары - товар жүгүртүүсү көптөр бирдиктүү салык төлөөгө аргасыз болушуп, ал сумма көп болуп жатканын айтышты. Ошондой эле, жеке бухгалтер жалдоого туура келээрин белгилешти. 

Президент ККМ боюнча дүйшөмбү күнү тиешелүү кызматтар менен чогулуп, талкуулашаарын, бир пикирге келишээрин айтты. Бирок, мамлекет башчы белгилегендей, аны артка жылдыруу мүмкүн эмес, анткени, салыктан качкандарды салык төлөөтүнүн жалгыз жолу - ККМ. Ал эми жеке бухгалтер жалдоо деген курулай шылтоо, ККМ өзү бухгалтердин милдетин аткарат. 

"Эсиңиздерде болсун, ККМ болбосо салыктардын баарын толук ала албай жатабыз. Контрабанда менен товар алып келишип, базарларга таратып салышат дагы, патентке төңкөрүп коюшат. Жыйынтыгында, миллиарддаган салык бюджетке түшпөй калып жатат. Анан мектеп салып бер, жолдорду оңдо, светти кымбаттатпа деп кыйкырасыңар. Анын баарын асмандан албайм да. Акыры барып 21-кылымдын жашоосуна өтүшүбүз керек. Казакстан, Россия, Өзбекстан 15-20 жыл мурда эле бул системага өтүп кетишкен. Биз дагы деле патент, патент деп бутубузду тушап жатабыз.

ККМдин жакшы жери - 8 миллион сомго чейин товар жүгүртүүсү барлар бир тыйын салык төлөбөйт. Саткан товарына жараша гана төлөшөт. Дүңүнөн товар саткандардан электрондук эсеп-фактура талап кылгыла. Болбосо, миллиарддаган пайда тапкан алар бир сом төлөшпөйт, а силер төлөп жатасыңар", - деди президент. 

Ошондой эле, мамлекет башчы Нарынга иш сапары менен келишинин себебин түшүндүрдү. Айтымында, Нарын абамайданы жаңылат, ички аба каттамдар жанданат. 2024-жылдын жайынан баштап учактар учуп баштайт. Быйыл күзгө чейин Нарын шаарынын ичи толук асфальт төшөлөт. Андан тышкары, ипотекага берүү максатында 9 кабаттуу үйлөр салынат.