10-мартта Ош шаарынын “Амир-Тимур” микрайонунун түштүк тарабында курал-жарак жана ок-дарылардын жашыруун жайы табылды. Бул тууралуу УКМК билдирди. 

Маалыматка караганда, жашыруун жайда желим баштыктан “револьвер” үлгүсүндөгү тапанча 1 даана (8мм), италиялык өндүрүштөгү тапанча -1 даана (8 мм), чет элдик өндүрүштөгү тапанча - 1 даана, (9 мм), граната Ф1 - 1 даана, детонатор капсуласы - 1 даана, АК-74-1 маркасындагы магазин, 9мм, 7,62мм жана 5,45мм   калибрлүү ок-дарылар - 61 даана, (ЛПС 7,62 мм), мээлейлер, маскалар табылып алынды.  

Ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын табылуу фактысы боюнча КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Учурда курал-жарактардын жана ок-дарылардын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.