Кыргыз Республикасынын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн деген шек менен чет мамлекеттин 1982-жылы туулган М.И.М. аттуу жараны кармалды. Бул УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө болду деп билдирет атайын кызмат. 

Кармалган жаран Россия Федерациясынын аймагындагы жашыруун террористтик топтун активдүү мүчөсү болгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, М.И.М. 2022-жылдын октябрында Кыргыз Республикасынын аймагына мыйзамсыз өтүп келгендиги такталган.

Кармалган М.И.М. жасалма паспорт алып, андан кийин САРдын аймагындагы куралдуу кагылыш болгон аймакка барууну пландаганы аныкталды.

Азыркы учурда КР УКМК тарабынан КР аймагындагы М.И.М.нын шериктерин аныктоого жана кармоого багытталган зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.