Президент Садыр Жапаров 10-мартта эки чоң имараттын курулушуна старт берди. Мамлекетибизде стабилдүүлүк, элибизде ынтымак болсун, мындай далай курулуштар салынып, заводдор, фабрикалар ачылат. 

Президенттик кызматка киришкен 2 жыл аралыгында көп жакшы жумуштар аткарылды. 

Мурда убада кылган Кумтөр мамлекетке алынды. Өлкө бюджети эки эсе көбөйдү, аскердик, айыл-чарба, атайын заманбап техникалар сатып алынууда. Шаар үчүн автобустар, тик учактар алынды. 

Таласта “Бала-Саруу”, Нарында “Куланак” ГЭСтери, андан тышкары 50дөн ашык чакан ГЭСтери курулууда. 

Өткөн жылы Бишкек шаарында эле 5 ай ичинде 15 мектеп, 1 бала бакча курулду. Бир канча социалдык объектилер, реабилитациялык борборлордун курулушу бүттү. 

“Камбар Ата 1” ири ГЭСи, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу сыяктуу кылымдын долбоорлору башталды. 

Быйыл чоң-чоң больницалар курулат, бюджеттен каржыланып асфальт жолдор салынат. Мурда сырттан карыз алып жол курулчу.

Тышкы саясат, кошуналар менен ынак мамиле жолго коюлуп келе жатат. Санап отурса кыска убакытта Президентибиз узак жылдар ишке ашпай, тек гана кыялыбызда жашаган максаттарды ишке ашырып келе жатат. 

Кыргызстаныбызда жакшы иштер алдыга жыла берсин!