Кыргызстанда жаңы эреже киргенден кийин мас айдоочулардын саны үч эсеге азайды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Анда айтылгандай, 8-марттан тарта айдоочуларга карата жаңы эрежелер кирген. Статистикалык маалыматтарга ылайык, мас абалында унаа башкаруу учурлары майрам күндөрү көбүрөөк катталат.

Бишкек шаарында 8-мартта алкоголь ичип унаа башкарган 7 жаран кармалса, 2022-жылы ушул эле күнү 20 учур, 2021-жылы 18 учур катталган.

Белгилей кетсек, жаңы эрежелерге ылайык алкоголдук ичимдик ичип унаа башкарып кармалгандар айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат