Бишкек ШИИБинин маалыматына караганда, Бишкекте 22 жаштагы жигит күйөөсү бар келинди ала качкан.
4-мартта милицияга жаран кайрылып, ошол эле күнү саат 16.30дар чамасында "Калыс-Ордо" конушунда белгисиз бирөөлөр жубайын күч менен автоунаага салып, белгисиз тарапка алып кеткенин билдирген.
Факты боюнча КР Кылмыш жаза кодексинин 165-беренеси - адамды уурдоо боюнча кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2001-жылы төрөлгөн жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.