Жеңил акча менен оокат кылам деген ойдон алыс болуу керектигин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Жалал-Абадда эл менен жолугушууда билдирди. 

"Жаз келди, эмгектенишибиз керек. Жаштарыбыз бир нерсени түшүнүшсүн - эмгек кылбай, бирөөнү талап-тоноп, уурдап, оңой оокат менен өзүмдү багам деген ойдон алыс болушсун. Ошондой балдар ар кайсы аймактардан, ушул Барпыдан дагы чыкты, бирисин дагы аяган жокмун, уруп-сабаттырып, каматып жатам. Экинчи бирөөнүн мүлкүнө тийбегиле, алдамчылык кылбагыла деп жатабыз. Жарандарыбыз беймарал көчөдө жүрө алгыдай болсун, бирөө-жарым уруп кетет, тоноп кетет деген коркунуч болбошу керек", - деди Камчыбек Ташиев.